Тамеки чегүү жана алкоголдук ичимдиктер коронавирусту жок кылабы? Адистин жообу

Тамеки чегүү жана алкоголдук ичимдиктер коронавирусту жок кылат же коронавирусту мезгилдик сасык тумоодон да коркунучтуу эмес дегендик — бул миф. Бул тууралуу профессор Мукаш Бейшембаев маалымат жыйын учурда билдирди.

«Коронавирустун сезондук сасык тумоодон жаман эмес экендигине келсек, анда пандемия менен дээрлик 2 жылдык тажрыйба бул гипотезанын пайдасына сезондук, эндемикалык же башка белгилер жок экенин көрсөттү. Эң негизгиси, өлүм жана майыптуулуктун көрсөткүчтөрү теңдешсиз жогору. Инфекциянын таралышы мезгилге, климаттык, географиялык жана башка факторлорго көз каранды эмес», — деди ал.