Танк биатлону боюнча мелдеш Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн «Алабино» полигонунда өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Мелдешке Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн экинчи танк экипажы катышты.
«Сары түстөгү Т-72В3 танкы менен жүргөн Кыргызстандын командасы өз тобунда биринчи орунду ээлеп, бардык беш бутага тийип, жолду 26 мүнөт 15 секундда айдап өттү«,-деп билдиришти министрликтен.
Коргоо министрлиги мурда экинчи дивизиянын биринчи жарышында Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн биринчи экипажы старт алганын белгиледи. Экинчи дивизиянын тобуна Кыргызстандын курама командасынан тышкары Лаос, Мьянма жана Мали командалары кирген.
Куралдуу Күчтөрүнүн үчүнчү танк экипажы кийинки жарышка катышат. Ал 27-августта өтөт.










