Танкта тирүүлөй өрттөлгөн аскер Жаңыбай уулу Тилектин апасы Баткенге уулу жан берген жерди көрүүгө кетти

Танкта тирүүлөй өрттөлгөн аскер Жаңыбай уулу Тилектин апасы Баткенге уулу жан берген жерди көрүүгө кетти. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине маркумдун классташы билдирди.

«Апасы Баткенге «уулум өрттөлдү деген жерге барып, өз көзүм менен көрүп келем» деп кетти. Менин маалыматым боюнча, Тилекке ок тийген экен, жарадар болгон соң танкты жардырып ийишкен», — деди ал.

Бүгүн, 26-сентябрда “Ата-Бейитте” Тажикстандын кол салуусунан курман болгон УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери – танк экипажынын мүчөлөрү Шерали Анаркуловдун, Санжарбек Анаркуловдун жана Жаңыбай уулу Тилектин сөөгү жерге берилди.