«Тартиптүү, жакшы бала болчу». Чүйдө жансыз денеси табылган өспүрүмдүн денесинде жараттар бар экени айтылды

Чүйдөгү темир жолдо жансыз денеси табылган өспүрүм бүгүн, 30-апрелде жерге берилди. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасы Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Турум Сатаровага шилтеме берип жазды.

Маалыматка караганда, окуучунун 1:30да үйүнөн чыккандагы видеосу бар. «Темир жол жакта сабалды же мушташты дегенге эч далил жок болуп жатат. Бети канталап турат, колдорунда, далысында тытык бар дешти. Бир нерсеге сүрүлүп, тытылган сыяктуу экен дешти»,— деп айтылат маалыматта.

Ал эми маркумдун классташтарынын ата-энелери өспүрүм тууралуу «Ал абдан тартиптүү, жакшы бала болчу» деген маалымат беришкен.

Бүгүн, 30-апрелде Военно-Антоновка айылында жайгашкан темир жолдо жашы жете элек өспүрүмдүн жансыз денеси табылгандыгы маалым болгон.