Тарых музейине 7-апрель окуясына арналган стенддер орнотулду

Тарых музейине 7-апрель окуясына арналган кошумча стенддер орнотулду. Бул тууралуу Маданият жана туризм министри Азамат Жаманкулов “Биринчи радионун” эфиринде билдирди. Анын айтымында, музей курулуп жатканда аларга Апрель окуясынын баатырларынын жеке буюмдары берилген.

«7-апрель окуясы үчүн «Ата-Бейитте» атайын «Таазим» музейи бар. Алардын жеке буюмдары ошол жерде. Бирок кийин аларды Тарых музейине экспонат кылуу өтүнүчү түшкөн. Анан дагы үч стенд койдук. Ачылыш күнү 7-апрель окуясына арналган бир гана стенд болсо, азыр төртөө болду», — деди министр.

19-ноябрда Тарых музейинин ачылышы болуп, музейге баргандар 7-апрелди эске салган сүрөттөр жок экенин байкашкан.