Таш-Көмүрдө ышкын тергени кеткен 2 өспүрүм тоодон түшө албай калышкан (видео)

Кечээ, 23-апрель күнү Таш-Көмүр шаарынын аймагында жайгашкан Сары-Камыш тоосунда 2 өспүрүм  калып калганы тууралуу кабар түшкөн. Балдар ышкын тергени тоого чыгып, түшө албай калгандыгын билдиришкен.

Алгач 5, андан кийин кошумча 7, жалпы 12 куткаруучу тартылып, айтылган багыт боюнча дарекке саат 21:47де жетип барышкан. Натыйжада Таш-Көмүр шаарынын 15-16 жаштагы 2 тургуну аман-эсен табылып, ата-энесине өткөрүлгөн.  Балдардын абалы туруктуу. Жабыркагандар жок.