Буга чейин маалымат каражаттарында жана интернет тармактарында 76 жаштагы Каныбек Шаршембаевдин оор турмушу тууралуу видоематериал жарыяланган. Анда аксакал кароосуз экендиги, көчөдө кайыр сурап жан багаары айтылган. Жубайы каза болуп, жалгыз уулу таштап кеткен.
Каныбек Шаршембаевдин аты-жөнүн тастыктоочу документтери жок болгондуктан, карылар үйүнө да кире алган эмес, жада калса пенсия алууга да мүмкүнчүлүк жок болгон. Мындан улам, аталган 76 жаштагы аксакалга УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жардам көрсөттү. Тактап айтканда, аксакал Бишкек шаардык карылар жатак үйүнө киргизилип, жакын арада аты-жөнүн тастыктоочу документтерге да ээ болот. Аксакал социалдык тармак аркылуу кайрылуу жасап, Камчыбек Ташиевге көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди.
“Урматтуу Камчыбек Ташиев сизге чоң рахмат. Сиздин тапшырмаңыз менен балдарыңыз мени карылар үйүно алып келишти. Паспортум да жакын ара да колума тиет экен. Сизге чоң рахмат, ишиңизге ийгилик!” деди аксакал.
Видео кайрылууда аксакалга керектүү кийим-кече, күнүмдүк турмушка керектелүүчү каражаттар да алынып берилгени айтылган.










