Ташиев билим алган мектеп уясына барып, кабар алды. Ал 36 жылдан бери авариялык абалда турат

Ош шаарындагы №11 Валентина Терешкова атындагы мектеп-интернаты 36 жылдан бери авариялык абалда турат. 1986-жылы «кооптуу» деген корутунду чыгарылганы менен окуучуларга билим берилип келет. Кечээ, 29-ноябрда бул мектептен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кабар алды.

Мектеп-интернатта 570 окуучу билим алат, алардын ичинен 300 бала жатаканада жашап, окуйт. Бирок мектептин эскилиги жетип, шарттар жок болгондуктан, жаңы имарат куруу тапшырмасы президент Садыр Жапаров тарабынан берилген. Ташиев жаңы салына турган мектептин аянты, долбоору менен таанышты. Ал жаңы имараттын долбоорун толуктап, курулуш иштерин тездетүүнү тапшырды.

Жаңы имаратты куруу иштери кийинки жылдын башында башталмакчы. Ал үч кабаттуу болуп, 750 орунга ылайыкташат. Ага кошумча жатакана дагы курулат.

Бул мектепте УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Ахматбек Келдибеков, Алиярбек Абжалиев, мурдагы айыл чарба министи Эркинбек Чодуев жана башка белгилүү инсандар окуп, бүтүргөн.