Ташиев: «Чек арадагы посттордун алынышы боюнча 4 саат Ак-Сайдын 50дөй активи менен сүйлөшүп, акылдашкам»

Эч кимге 1 сантиметр да жер берилген жок, берилиши да мүмкүн эмес. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

«Кечээ кол коюлган протоколду беребиз, журналисттер көрсүн. Ошонун негизинде гана коомчулукка маалымат таратса жакшы болот эле. Ар дайым чатак жараткан постторду эки тараптан тең жоюу боюнча маселе каралды. Бизден «Тамдык» чек ара тозоту толугу менен жоюлду. Ал жерде чек арачылар да, жарандар да болбойт. Чек арага эч ким жакындабайт. 3 чек ара пост боюнча, 14-сентябрдагы чыр «Булак Башы» постунан чыккан. «Ак Сай» посту да алынды. Ушул эки пост ар дайым чатак жаратат. Бул посттордун ордуна ал жерге милициянын пунктун ачууну чечтик. Милиция кызматкерлер нөөмөт өтөшөт», — деди ал.

Ал ошондой эле бул протоколдорго чыр-чатакты болтурбоо үчүн гана кол коюлганын айтты. «Ал эми жер боюнча комиссия иш алып барып, чечим чыгарат. Бул чечимдерди кабыл аларда кечээ 12:00-16:00 сааттар аралыгында Ак-Сайдын 50дөй активи менен сүйлөшүп, акылдашкам», — деди.