Бүгүн, 9-сентябрда Чек ара кызматы Чоң-Алай районунун «Кара-Мык» чек ара заставасында 50 орунга ылайыкталган жаңы «Байчечекей» бала бакчасынын салтанаттуу ачылыш аземи өткөрүлдү.
Ачылыш аземине УКМКнын төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиев, Ош облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Жантаев, чек ара заставасынын кызматкерлери жана жаңыдан ачылган бала бакчанын келечектеги тарбиялануучуларынын ата-энелери катышты. Камчыбек Ташиев мамлекет чек арачыларга мамлекеттин чек арасын коргоосуүчүн зарыл шарттарды түзүү менен бирге, жаш муунга татыктуу келечек камсыздоо үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканын белгиледи. Тарыхта биринчи жолу чек ара заставасынын аймагында мектепке чейинки билим берүү мекемеси курулуп, иштей баштады.
«Байчечекей» бала бакчасы кыска мөөнөттө курулуп бүттү: 2023-жылдын сентябрында капсуласы салынган жана 2024-жылдын сентябрында алгачкы балдарды кабыл ала баштады. Бала бакчада ар кандай курактагы балдар үчүн үч тайпа каралган. Бала бакчага аскер кызматкерлеринин жана жакын жайгашкан аймактардын тургундарынын балдары барышат. Муну менен катар өлкө жетекчилиги аскер кызматкерлеринин жана чек ара аймактарындагы тургундардын жашоо шарттарын жакшыртууга өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиленди. Акыркы үч жылдын ичинде жаңы чек ара комплекстери, аскер кызматкерлери үчүн турак жайлар курулуп, чек ара аскерлери заманбап курал-жарак жана техника менен камсыздалды.