Ташиев эки тараптан тең айрым чек ара заставалары жана посттор алынганын айтты

«Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр чатактардын очогу болуп келген 4 пост алынды. Ал жерде аскер адамдары да, жөнөкөй жарандар да мындан ары болбойт». Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан төрт көзөмөл-өткөрмө посту эки тараптан тең алынат. Ташиев бүгүн Тажикстандын мамлекеттик коопсуздук министри Саймумин Ятимов менен жолугуп, жаңжалды токтотуу, анын кесепеттерин жоюу жана мындан ары жаңжалга жол бербөө максатында протоколго кол коюлганын билдирди.

Протоколдун негизинде төмөнкү посттор алынат:
  • «Тамдык» (Кыргызстан) — «Бедак» (Тажикстан);
  • «Булак-Башы» (Кыргызстан) — «Кех» (Тажикстан);
  • «Катта-Туз» (Кыргызстан) — «Карачикум» (Тажикстан);
  • «Дача» (Кыргызстан) — «Шаршене» (Тажикстан).
УКМКнын төрагасы бул чек ара посттору ар дайым жаңжалдын чыгышына себепкер болуп келгенин айтты. «Ушундай төрт постту алуу менен мурда болуп жаткан жаңжалдардын булактарын жокко чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ал жерде аскер кызматкерлери дагы, жай тургундар дагы болбойт», — деди Ташиев.