Ташиев Жаңы жылга карата өзгөчө балдарга белектерди тапшырды

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов Бишкек шаарындагы №21 угуусу начар жана кулагы укпаган балдарга арналган мектеп-интернатына барып, Жаңы жылга карата белектерди тартуулашты. Бул тууралуу министрликтен маалымдашты.

Ташиев өзгөчө балдарга таттуу жана оюнчук белектерден сырткары мекемеге акчалай да жардам көрсөттү. “Жылдагы салтты бузбастан, быйыл дагы балдарыбызга майрамдык жагымдуу маанай тартуулап коюуну туура көрдүк. Колдон келген жардамды аябайбыз. Балдар – биздин келечегибиз, алар эр жетип чоңойгуча, камкордукту биз көрсөтүүбүз зарыл”, – деди ал.

Мамбетакунов министрликтин атынан аталган мектепке 3 компьютер белекке берип, мамлекет тарабынан билим берүүнүн сапаты жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча алгылыктуу иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын айтты.

Ошондой эле Камчыбек Ташиев менен Уланбек Мамбетакунов жакында эле УКМКнын өздүк эсебинен капиталдык оңдоодон өткөн мектептин ашканасынын абалы менен таанышып чыкты. Ал эми былтыркы жылы көрсөтүлгөн акчалай жардамга учурда мекеменин санитардык түйүндөрү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан аталган билим уясына окуу куралдары, техникалык жабдуулар жана компьютерлер менен камсыздоо аркылуу жардамдар көрсөтүлүп келет.