«Кимде-ким элди көтөрүлүшкө чакыра турган болсо, эл талап кылгандан да катуу жазалайбыз». Бул тууралуу маекте УКМК төрагасы
Камчыбек Ташиев билдиргенин «7 канал» сайты
жарыялады.
— Камчыбек Кыдыршаевич, мамлекетибиздеги тартип, улуттук коопсуздук маселелери боюнча жоопкерчилик сизге жүктөлгөн. Жакында эле пакистандык студенттер менен болгон окуя өтө татаалдашып кете электе токтоду. Бирок жүздөгөн жаштар заматта топтоло калганын көрдүк. Бул окуя талдоого алынса керек?
— Албетте, талдоого алынды. Биз бул окуядан сабак да алдык десек болот. Анткени бул окуяны кадимки эле балдардын ээн баштык окуясы катары көрүп, ал балдарды ИИМ издеп аткан. Окуя мындай болгон. Үч кыргыз бала египеттик студенттерди жатаканасына чейин кууп барышып, акча, телефондорун тартып алышкан. Мунун баары «Коопсуз шаардын» видео камераларына түшүп калган. Жатаканадан жардамга алардын жердештери чыкканда кыргыз балдар качышат. Бирөөсү тигилерге кармалып калат. Аны тигилер сабашат, арасынан айрым балдар ажыратып, Тез жардам чакырып салып беришет. Ооруканага барганда тиги бала өзүнүн чыныгы аты-жөнүн айтпай, таптакыр башка атты айтып, медайымдан жардамды алгандан кийин ооруканадан качып чыгып кеткен. Өздөрү күнөөлүү экенин билет да. Анткени, чет элдик студенттердин акчасын, телефондорун тоноп алып атышпайбы. Аларды ИИМдин кызматкерлери «Коопсуз шаар» аркылуу тактап, издеп башташкан. Кеминдик балдар экени аныкталган. Ошол учурда чагым экени көрүнүп турган видео соцтармактарга жайнап кетти. Атайылап «пакистандык балдар кыргыздарды сабап салышты, андан бир жигитибиз каза болуп калыптыр» деген маанай жаратышты. Жыйынтыгында, өтө кооптуу жагдай жаралды.
Андыктан, мындан кийин кандай окуя болбосун, антип дүрбөп чыгыштын кереги жок. Ким болбосун, ал кыргызбы, оруспу же пакистандыкпы, кылмыш кылса жазалай турчу мамлекет бар, күч органдары жана сот бар. Эгер биз көңүл бурбай койсок, анда бир жөн. Кимде-ким улуттар аралык же аймактык аралык кастыкты козутуп, элди көтөрүлүшкө чакыра турган болсо, эл талап кылгандан да катуу жазалайбыз. Бизге мамлекетибиз эми бутуна туруп, экономикабыз эми көтөрүлүп келе жатканда тынчтык аба менен суудай керек.
УКМК элге кайрылууга горячий линия берсин улуттук террордук диверсияга куболорго коопсуздук беришсин зашита свидетелей.