Бүгүн, 2-июлда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Орусия Федералдык коопсуздук кызматынын аскердик окуу жайынын жана УКМК Академиясынын кесиптик кайра даярдоо курсунун бүтүрүүчүлөрүнүн алгачкы аскердик наам жана диплом тапшыруу аземине катышты.
Өлкө коопсуздугун коргоо жаатында эмгектенген коопсуздук органдарын жыл сайын УКМКга караштуу А.К.Бакаев атындагы Академияны, ошондой эле Орусия Федералдык коопсуздук кызматынын аскердик окуу жайларын ийгиликтүү аяктаган жаш кызматкерлер толуктап турат. Аталган бүтүрүүчүлөр окуу аралыгында мамлекеттин конституциялык түзүмүн, суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоого багытталган керектүү кесиптик билим, жөндөмдөргө ээ болушту.
Камчыбек Ташиев жалпы бүтүрүүчүлөрдү окуусун ийгиликтүү аяктагандары менен куттуктап, алардын алган билими коюлган тапшырмаларды так жана таамай аткарууга, мамлекеттин коопсуздугун коргоодо жаш кызматкерлерди мекенди сүйүүгө жана ар дайым күчтүү жана тайманбас болууга чакырды.
Коопсуздук багытындагы адистердин сапаттык даярдыгын жогорулатуу максатында, 30-январда президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен УКМКнын генерал-лейтенант А.К.Бакаев атындагы Академиясы түзүлгөн.
2025-жылдын 23-январында Камчыбек Ташиев үч эм төрөлгөн жаш үй-бүлөгө эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. 2026-жылдын 21-январында ЖМК аркылуу Талас облусунда...
21-январда “Жылдын мыкты мугалими – 2025” республикалык кароо-сынагынын жеңүүчүсү Элзат Асанова мамлекет тарабынан убадаланган бир бөлмөлүү батирдин ачкычын колуна алды....
2026-жылдын 17-январында Т.А. жана Октябрь РИИБдин кызматкери, милициянын лейтенанты А.Э.Б., КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда (опузалап акча талап кылуу)...
Социалдык тармактарда жарандар тарабынан кыргыз тилин шылдыңдаган видео материал жарыяланып, коомчулукта кеңири талкуу жараткан. Аталган факт Бишкек ШИИББдин Маалыматты каттоо...
19-январда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Архитектура-курулуш контролдоо департаментинин жана аймактык башкармалыктардын кызматкерлери менен жыйын өткөрдү....