Бүгүн, 27-майда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Токмок шаарында жашы жете элек сегиз баланы тарбиялап жаткан жалгыз бой эне Айжан Бакаловага үч бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.
Материалдык жактан оор абалда жашы жете элек сегиз баласын жалгыз тарбиялап жаткан Кыргыз жараны Айжан Бакалова буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге турак жай берүү маселесин кароо өтүнүчү менен кайрылган. Анткени көп балалуу үй-бүлөнүн үй-жайы жок болгондуктан, көп жылдар бою турмуштук кыйынчылыктарды башынан кечирип келген. Мындан улам, Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен көп балалуу үй-бүлөгө Токмок шаарынын кичи райондорунун биринен, бардык тиричилик шарттары жана эмерек буюмдары менен жабдылган үч бөлмөлүү батир тапшырылды.
Өз кезегинде Айжан Бакалова аталган батирдин ачкычы үй-бүлөсүнө балдарды коргоо күнүнүн алдында тапшырылганына өзгөчө токтолду. Буга байланыштуу УКМК төрагасына көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, Айжан Бакалова УКМК социалдык жактан муктаж жарандарга аяр мамиле жасап, келип чыккан көйгөйлөрдү чечүүдө ыкчам көмөк көрсөткөндүгүн баса белгиледи.
Эң сонун, Камчыбек Кыдыршаевич👍👍👍