Ташиев: «Мен жоокерлеримди, балдарымды жоготтум, бирок мамлекетибизди сактап калдык»

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин билдирүүсү тарады. Ал Тажикстандын кол салуусунан каза болгон аскер кызматкерлеринин жакындарына көңүл айтты.

«Буюрса, бул күндөр да өтөт. Каза болгон биздин жарандарга, алардын туугандарына көңүл айтам. Биздин колубузга тапшырган жоокерлерибиз балам болуп калган. Мен жоокерлеримди, балдарымды жоготтум. Бирок мамлекетибизди сактап калдык. Баатыр жоокерлерге таазим этем. Ар бир менин жоокерлерим өзүлөрүнүн акыркы мүнөтүнө чейин элим-жерим деп каза болушту. Урматтуу ата-энелер, мен силердин балдарыңарды сактап бере албадым», — деди ал.