Ташиев: «Тажик тарап кечээги чырдан кийин айтылганды аткарат деген ойдомун»

«Тажик тарап кечээги чырдан кийин айтылганды аткарат деген ойдомун». Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тажик тарап менен өткөн жолугушуудан соң билдирди. 

«Тажик тарап менен кыргыз-тажик чек арасындагы «Достук» заставасында жолугушуу өткөрүп келдик. Анын негизинде бир нече чечимдер кабыл алынды. Кечээги окуяларды иликтөө жана ошол окуялардын келип чыгуу себептерин аныктоо боюнча комиссия түзүүнү чечтик. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине көчүрүлгөн тургундардын баарын үйүнө кайтаруу тапшырмасы берилди. Алар бүгүн кечке чейин үйлөрүндө болуп калышы керек. Эң негизгиси чек арага жакын барган бардык күч түзүмдөрүн бүгүн кечки убакытка дейре өз бөлүктөрүнө кайтаруу чечими да кабыл алынды. Чек арада чек ара кызматкерлери жана коомдук тартипти сактоо үчүн милиция кызматкерлери калат», — деди УКМКнын төрагасы.

Камчыбек Ташиев кечээги чырдан кийин бүгүн айтылган жолугушуулардын жыйынтыгын тажик тарап аткарат деген ойдо. «Көп эле сабак алып калышты го. Булар аларды аткарууга мажбур болуп калышты деп ойлойм», — деди УКМКнын төрагасы.