Бүгүн, 6-июлда УКМКнын Баткен облусундагы Лейлек райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Камчыбек Ташиев катышып, атайын кызматтын жаңы имаратын пайдаланууга тапшырды. Куттуктоо сөзүн сүйлөп, имараттын шарттары менен таанышып чыкты. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, УКМКнын ардагерлери жана жергиликтүү башкармалыктын өздүк курамы катышкан иш-чаранын жүрүшүндө тапшырмалар жана талаптар да эске салынды.
Жылдын аягына чейин УКМКнын өлкө ичиндеги бардык аймактык бөлүмдөрүн жаңылоо иштери аяктаарын Камчыбек Ташиев билдирди. Түзүлгөн шарттарга жараша атайын кызматка коюлган талаптар дагы күчөтүлүп, өлкө коопсуздугун камсыз кылуу багытында зарыл болгон иш-аракеттерди күчөтүү жагы үзгүлтүксүз ишке ашырылат.
Эсептөө палатасы тарабынан Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүндө 2024-жылга карата республикалык бюджеттин аткарылышына шайкештик аудити...
Бүгүн, 7-мартта Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, депутаттар, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жалпы кызматкерлердин...
Катар мамлекетинде круиздик лайнерде калып калган кыргызстандыктар Дохадан Сауд Араб королдугуна жолго чыкты. Бардыгы 134 жаран. Алар автобустар менен Эр-Риядга...
Эсептөө палатасы тарабынан Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде жана анын карамагындагы ведомстволук мекемелерде 2024-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында...
Эсептөө палатасы тарабынан 2020-жылдын 1-январынан 2025-жылдын 30-сентябрына чейинки мезгил аралыгында Кыргыз Республикасында үрөнчүлүк чарбаларды мамлекеттик колдоо максатында бөлүнгөн дотациялардын натыйжалуулугуна...