Тазабек Икрамов: «Кармалган Санрабия Сатыбалдиева менин жардамчым эмес»

Журналист Санрабия Сатыбалдиева кармалган соң, социалдык тармактын колдонуучулары анын акыркы убакта бийликке сын айтып жаткан депутат Тазабек Икрамовдун жардамчысы экенин, ал аркылуу саясатчы жөнүндө маалымат алууну көздөп жатышканын божомолдоп жазып чыгышты.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги депутат менен байланышканыбызда, бул маалымат чындыкка дал келберин айтты. «Ал сайтта иштейт. Мен жөнүндө колдогон кабарларды чыгарып калчу, бирок менин өзүмдүн жардамчыларым бар, бул маалымат калп», — деди эл өкүлү.

Журналист Санрабия Сатыбалдиева түнү кармалып, тергөө изоляторуна 48 саатка камалды.