«Тазалыктын» жүк ташуучуларынын айлыгы 2 миң сомго көбөйдү

«Тазалык» жумушчуларына эмгек акыны көтөрөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бишкек шаарынын мэриясы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын катуу таштандыларды чыгаруу бөлүмүнүн жумушчуларын, тактап айтканда жүктөгүчтөрдүн эмгек акысын көтөргөн. «Акыркы айда эмгек акы 2 миң сомго көбөйтүлдү. Бул акча 15-августта 127 ташуучуга чегерилет. Ошондой эле жетекчилик айлыктарды август айында көтөрүүнү пландоодо»,— деп айтылат маалыматта.