Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги мектеп директорлору 5 жылдык мөөнөтү өткөн соң сынак аркылуу кайрадан жаңы тандалары тууралуу маалымдаган. «Temirov Live» каналынын журналисти Болот Темиров бул аракетти популизм деп баалап, ага байланыштуу иликтөөсүн жарыялады.
— «Бизде директор даярдоого атайын борбор жок. Демек, директорду кызматтан алуу пайдасы жок кадам. Директордун кызматтан кетүүсү эч нерсени чечпейт, а бирок коррупцияга жакшы жол ачат. 1000 директор — бул 1000 пара берүүгө жол. Буга чейин деле Финансы полициясына тест, тандоо аркылуу кабыл алганын билебиз. Бирок андан өзгөрүү болгон эмес. Убарагерчилик, чуусу көп, а бирок жыйынтыгы жок иш-чара», — деген журналист.