Тенгиз Бөлтүрүк жетектеген «Улуу көчмөндөр мурасы» эки ай ичинде жоюлат

«Улуу Көчмөндөр Мурасы» улуттук холдинг компаниясы» ачык акционердик коому жоюлат. Тиешелүү чечим Министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынды.

Аталган ачык акционердик коом убактылуу тышкы башкаруучу болгон, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКсына киргизилген убактылуу тышкы башкаруу жол-жобосу токтотулган. Анын мындан аркы ишмердүүлүгү максатка ылайыктуу эмес экендиги белгиленген. Жоюу боюнча комиссия эки айлык мөөнөттө «Улуу Көчмөндөр Мурасы» Улуттук холдинг компаниясы» ААКсын жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүүсү тийиш.

«Улуу Көчмөндөрдүн Мурасы» Улуттук холдинг компаниясы» ачык акционердик коому 2021-жылдын декабрь айында түзүлгөн. Аны жетектөөгө Тенгиз Бөлтүрүк дайындалган болчу. Анын уставдык капиталы 100 миллион сом өлчөмүндө белгиленгенип, 2022-жылы анын өлчөмү 1 миллиард сомго чейин жеткирилет деп маалымдалган.