ТикТокто 8 миллион катталуучусу бар Аргенбай: «Апам видео тартканыма каршы болчу»

Акыркы убакта харизмасы менен ТикТокту «жарып» жаткан Аргенбай аттуу кыргыз жигитин көрүп калсаңыз керек. Ага дүйнөгө белгилүү блогерлер көңүл буруп, реакция кылышууда. Биз дал ошол интернет жылдызы менен маек курдук.

«Туугандарым чалып, сүйлөшүп жатабыз. Алар мага «азаматсың» дешүүдө. Видео тартып баштаганда, апам каршы болгон. Мага «бул болбойт» деп кыйкырчу. Апам бул сөздү күндө эртең менен айтчу. Таштабай Бишкекке кетип калгам. Азыр жакшы эле, жардам берет. Азыр акча табам, бирок ТикТоктон эмес», — деди ал.