“ТикТокто” ич кийимин башына кийген кыз: «Апам чалып, өмүрүмдө укпаган сөздөр менен урушту»

Өткөн аптада депутат Шайлообек Атазов “ТикТок” социалдык тармагын Кыргызстандын аймагында жөнгө салууну сунуштады. Ал арада “ТикТоктун” айрым колдонуучулары түз эфирде бири-бирине тапшырма берип жатышты. “Жекеме-жеке” долбоорунун бул жолку чыгарылышында биз Маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, психолог Зарина Усупова, куудул Жакут Сыдыков, ырчы Салтанат Шекенова жана бирине-бири ич кийимди башына кийүү буйругун берип, аны аткарган тиктокчулар Аскат Өмүров менен Пери Жээнбекованы чакырдык. Ич кийимди кийген кыз видео мынчалык тарап кетерин билбегенин айтты.

«Кечинде экөөбүз аткарганбыз. Тарап кетерин билген эмесмин, аткени буга чейин деле аткарчубуз да. Ойгонсом эле апамдар чалып, урушуп, өмүрү уга элек сөздөрдү айтты. Аябай жаман кылды», — деди ал.