ТикТокту «жарып» жаткан казакстандык койчу бала белекке iPhone алды (видео)

Өзүнүн видеолору менен ТикТок социалдык тармагын «жарып» жаткан Тойбек Саятка iPhone 12 үлгүсүндөгү телефон белек кылышты. Бул тууралуу Charity.kz кайрымдуулук уюму билдирди.

Буга чейин СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги дал ошол жигитти таап, маектешкенбиз.

Жигит Казакстанда жашайт. 15 жашта. Мектеп окуучусу. «Менин атым Тойбек Саят. 15 жаштамын. 6 бир тууганмын. ТикТокко видео тартып жүргөнүмө 1 жылдай болду. Акыркы 2-3 айда видеолорум көп көрүлө баштады. Видеого идеяны өзү табам», — деген ал.

Ал ошондой эле видеону тартканга 1 күн, ал эми монтажга 1 саат убакыт кетерин айтты. «Монтажды да өзүм жасайм. 1 күндүк убактымды видео тартууга кетирсем, 1 саатта монтаждап бүтөм. Мен келечекте блогер болуп акча тапкым келет. Жакындарым видео тартууга каршы эмес», — деген.

«Мектепте классташтарың сени «жылдыз» дешеби?» деген суроого күлүп «ооба» деп жооп берди.