Жума, 13.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

«Тилекмат менен Дубайда жолукканым чын». Экс-депутат Жамгырчиев бүгүн УКМКга суракка чакырылганын билдирди

12:48 20.11.2024
0
«Тилекмат менен Дубайда жолукканым чын». Экс-депутат Жамгырчиев бүгүн УКМКга суракка чакырылганын билдирди
«Кечээтен бери социалдык тармактарда менин атым аталып, талкуу жаралып жатканда унчукпай отура албадым». Бул тууралуу экс-депутат Эмил Жамгырчиев соцтармактагы баракчасына жазды.

«Кезинде далай кыйынчылыктар өттү башымдан, алардын айрымдарына жамы журт күбө… Ошондуктан жардамга муктаждарга ар дайым кол сунуп келем, мени тааныгандар сөзүмдү калп дебестир. Убагында экс-президент Алмазбек Атамбаев эркиндикке чыкканда саясий чыңалууга карабай абалын сурап үйүнө чейин баргам. Депутат кезимде Кемпир-Абад иши менен камалып жаткандарга СИЗОго чейин барып, ар бир айыпталуучудан кабар алып, Жогорку Кеңеште бул маселени көтөрүп келгем. Адам оор кырдаалга туш болгондо ордунан тургузуп сүйөп коюу бул жигиттик жана адамдык сапат!

Эми сөз башынан болсун: Ооба, мен Тилекмат менен сүйлөшүп жүрчүмүн. Үй-бүлөсү кыйналып жатканын айтып, жардам сураганда жок деген эмесмин. Акыркы жолу кызы ооруп жатканын айтып, дагы кайрылды. Буга чейин деле Жараткандын сүйүктүү пенделери болгон өзгөчө балдарга кол сунуп келгем жана кол суна берем, Тилекматтын кызы да өзгөчө балдардын катарында экенин укканда жок дей алган жокмун. Атам ооруп жаткандыктан чет жакка чыгарымды айтсам, Бириккен Араб Эмираттарына билет алып берүүмдү суранып, ошол жактан кызына каржы жагынан жардам бере ала турган адамдар менен тааныштырып коюумду өтүндү. Дубайдан жолукканыбыз чын, колумдан келген жардамымды берип, чогуу тамактандык. Көп өтпөй “Дубайда жүргөн видеоңду коомчулукка чыгарам, дагы акча бересиң” деп талап коюп баштады. Көрсө, буга чейинки сүйлөшүүлөрдү жаздырып, жолукканыбыздан бери видеого түшүрүп жүргөн экен. Бул Болот экөөнүн алдын ала даярдаган сценарийинин бир бөлүгү экенин эми билип отурам. Тилекмат менен Болоттун “паспорт уурдап кетти, сурак берип чыктым” деген жалган маалымат таратып, упай топтойбуз деген спектали суу кечпейт. Себеби БАЭ менен Кыргызстандын ортосунда кылмышкерлерди экстрадициялоо тууралуу келишим жок. Менимче, бул билдирүүмдөн кийин эл өзү таразалап алат.
Менин арам ой менен Тилекматты колдосом, Кыргызстанга кайтмак эмесмин, учурда мекенимде жүрөм. УКМКга суракка чакырышты, бүгүн барам. Калыстык үчүн айтайын, Тилекматка «бийлик башындагылар сынды туура кабыл алып, куугунтуктабай тескерисинче, жаштардын энергиясын колдонушса болмок» деген сөздөрүмдү айткам. Уят Тилекмат! Саясатчы, ишкер, жөнөкөй жарандарды каматканың аз келгенсип, мени дагы ошондой куйту ишиңе аралаштырба! Буга чейин деле мени каралап жүргөн Болот Темиров менен биригип, биздин жолугушуудан саясий тема табалы деген планыңарды аңдабай, өзгөчө кызыңа жардам берем деген аракетим үчүн өкүнүп отурам. Тактоо үчүн дагы бир жолу айтайын, мен Тилекматты бийликке каршы үгүттөп жардам берген эмесмин. Жөн гана адам катары жардам кылсам акыры ушуну кылды. Мамлекет издөөгө берген жаранды АКШ аймагынан чыкса кармап кетери айдан ачык. Муну мага байлап, мени каралооңор суу кечпейт!» — деп жазылат билдирүүдө.
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

БУУӨП жана Агартуу министрлиги өлкөнүн мектептеринде климаттык билим берүүнү өнүктүрүүдө

БУУӨП жана Агартуу министрлиги өлкөнүн мектептеринде климаттык билим берүүнү өнүктүрүүдө

Автор Эдита Ильясова
17:02 12.03.2026
0

Климаттын өзгөрүшү — бүгүнкү күндүн эң олуттуу глобалдык көйгөйлөрүнүн бири. Анын кесепеттери дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө байкалууда. Казылып алынуучу отундарды колдонуу...

Предметке карабайт… Бардык мугалимдердин айлыгы 100 пайызга жогорулайт

Предметке карабайт… Бардык мугалимдердин айлыгы 100 пайызга жогорулайт

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:51 11.03.2026
0

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси жана колдоосу менен 2026-жылдын 1-апрелинен тартып билим берүү системасынын кызматкерлеринин эмгек акысы учурдагы деңгээлден 100 пайызга...

Бишкек-Ош жолу ачылды

Бишкек-Ош жолу ачылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:55 11.03.2026
0

Бишкек-Ош автожолуна түшкɵн кар кɵчкү саат 11:30да толугу менен тазаланып, эки тараптуу каттам камсыздалды. Учурда Арал постунан киргизилген оор жүк...

Ала-Белде кар көчкү түшүп, Бишкек-Ош жолу убактылуу жабылды

Ала-Белде кар көчкү түшүп, Бишкек-Ош жолу убактылуу жабылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:36 11.03.2026
0

Бүгүн, 11-мартта таңкы саат 6:50дɵ Бишкек-Ош авто жолунун 224-чакырымында Ала-Бел ашуусунда кар кɵчкү түштү. Бардык авто унаалар үчүн каттам убактылуу...

Орозо айт майрамы 20-мартта белгиленет

Орозо айт майрамы 20-мартта белгиленет

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:58 10.03.2026
0

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2026-жылдын Орозо айт майрамы 20-март күнүнө дал келерин маалымдайт. Бул чечим ТМУга мүчө-өлкөлөрүнүн муфтияттарынын алдындагы фатва...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Бийликти каралоого жана коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган посттор… ИИМ журналист камакка алынганын билдирди

Бийликти каралоого жана коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган посттор... ИИМ журналист камакка алынганын билдирди

09:27 12.03.2026
БУУӨП жана Агартуу министрлиги өлкөнүн мектептеринде климаттык билим берүүнү өнүктүрүүдө

БУУӨП жана Агартуу министрлиги өлкөнүн мектептеринде климаттык билим берүүнү өнүктүрүүдө

17:02 12.03.2026
«УКМК тарабынан кармалды, арыз жазам деп коркуткан». Бишкекте 50 миң доллар талап кылууга шектүү кармалды

"УКМК тарабынан кармалды, арыз жазам деп коркуткан". Бишкекте 50 миң доллар талап кылууга шектүү кармалды

09:37 12.03.2026
БУУӨП жана Агартуу министрлиги өлкөнүн мектептеринде климаттык билим берүүнү өнүктүрүүдө

БУУӨП жана Агартуу министрлиги өлкөнүн мектептеринде климаттык билим берүүнү өнүктүрүүдө

17:02 12.03.2026
Кара-Балтада күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды

Кара-Балтада күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды

10:15 12.03.2026
Бишкекте кайгуул кызматкерлери зордуктоо кылмышына шектелген жүк ташуучу унаанын айдоочусун кармашты

Бишкекте кайгуул кызматкерлери зордуктоо кылмышына шектелген жүк ташуучу унаанын айдоочусун кармашты

09:42 12.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү