Шейшемби, 07.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

ТИМ башчысы Орусиянын “кара тизмесиндеги” мигранттарга кайрылды

18:26 10.05.2025
0
ТИМ башчысы Орусиянын “кара тизмесиндеги” мигранттарга кайрылды

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Орусиянын “кара тизмесиндеги” мигранттарга кайрылды.

«Орусиянын аймагында жүрүп, ар кандай себептерден улам миграциялык мыйзам бузууларга байланыштуу көзөмөлдөөчү реестрге (кара тизмеге) түшүп калган Кыргыз жарандары үчүн 2025-жылдын сентябрына чейин өзүнүн укуктук абалын жакшыртып алууга жана тизмеден чыгууга мүмкүнчүлүк берилди.

Бул президент Садыр Жапаровдун Владимир Путинге мигранттардын документтерин легалдаштыруу мөөнөтүн узартуу өтүнүчү менен расмий кат аркылуу кайрылуусунун натыйжасында мүмкүн болду. Бул мөөнөт акыркы мүмкүнчүлүк болуп саналат жана узартылбайт.

Учурда 70 миңге жакын мекендешибиз «кара тизмеде», бирок ушул күнгө чейин болгону 3 миңге жакын адам гана реестрден чыккан. Убакытты текке кетирбей, аймактык миграция бөлүмдөрүнө же Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине жана консулдук мекемелерине кайрылып, керектүү маалыматтарды тактап, укуктук абалды мыйзамдаштыруу жол-жоболорун баштаңыздар.

“Сентябрга чейин убакыт бар да” деп жүрө бербөөгө чакырабыз. Анткени ага жакын калганда полиция бөлүмдөрүндө, миграция кызматтарында, элчилик жана консулдуктарда кезек көп болуп, анан үлгүрбөй калышыңыздар мүмкүн.

1-сентябрга чейин жогоруда белгиленген реестрден чыкпасаңыздар, депортация болосуздар. Коюлган талаптарды аткаруу жеңил эле, болгону бир аз убакыт табуу зарыл.

Көзөмөлдөөчү реестрден чыгуу үчүн төмөнкү аракеттер талап кылынат:

— Аймактык миграциялык бөлүмгө кайрылып, көзөмөлдөөчү реестрге түшүүңүздүн себебин тактаңыз.

Эгерде дактилоскопия (манжа издерин тапшыруу), медициналык кароо сыяктуу процедуралардан өтө элек болсоңуз:

— Москва шаарында жашагандар Сахарово миграциялык борборуна;

— Аймактарда жашагандар РФ ИИМдин тиешелүү миграциялык бөлүмдөрүнө кайрылышы керек;

— ⁠Эмгек келишимин түзүү – негизги талап. Кыргыз Республикасы ЕАЭБге мүчө мамлекет болгондуктан, бул негизги шарт болуп саналат.

Эмгек келишимдин негизинде:

— Миграциялык картанын жана каттоонун мөөнөтү узартылат;

— Жашаган дареги боюнча каттоо жүргүзүлөт;

— Документтерде кемчилик болсо (мисалы, каттоонун же келишимдин мөөнөтү өтүп кеткен болсо) – административдик жоопкерчиликке тартылып, 5000-7000 рубль өлчөмүндө айыппул салынат. Айып төлөнгөн соң, документтер мыйзамдаштырылат.

Бул процедураларды 1-сентябрга чейин бүтүрүү керек. Ошондой эле россиялык тарап ички иштер бөлүмдөрүнүн иштөө убактысын дагы эки саатка узартты. Бул кошумча мүмкүнчүлүктү пайдаланыңыздар. “Дагы узартат” деген үмүт менен бул маселеге кайдыгер карабагыла. Мөөнөт бүткөндө “өкмөт жардам берген жок”, “президент сүйлөшкөн жок” деген дооматтар негизсиз болот.

Тышкы иштер министрлиги ар дайым жарандардын укуктарын коргоого жана мекендештерибизге мыйзам чегинде көмөк көрсөтүүгө даяр. Ошону менен бирге, мыйзамдашуу аракетин өз убагында көрүү ар бир жарандын жеке жоопкерчилиги экенин эскертебиз»,- деп айтылат кайрылууда.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Үй-бүлөсүнө басым жасаган делген УКМКнын кызматкери кызматтан убактылуу четтетилди

Үй-бүлөсүнө басым жасаган делген УКМКнын кызматкери кызматтан убактылуу четтетилди

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:18 06.04.2026
0

Кечээ, 6-апрелде жалпыга маалымдоо каражаттарында А.О. аттуу жаран үй-бүлөсүнө басым жасаган УКМКнын кызматкери Б.Р.ге карата чара көрүүнү өтүнүп мамлекет башчысына...

Лейлекте жол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери өтө оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган

Лейлекте жол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери өтө оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:12 06.04.2026
0

4-апрелде Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Жалпы дарыгерлик практика борборуна тез медициналык жардам аркылуу 2004-жылы туулган Н.Д. аттуу бейтап (аскер...

Көп кабаттуу үйдөн апасы менен кошо кулаган кыз жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылды

Көп кабаттуу үйдөн апасы менен кошо кулаган кыз жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:41 05.04.2026
0

Саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмонов жабыркаган 2022-жылы туулган кыз дарыланып жаткан Шаардык тез медициналык жардам клиникалык балдар ооруканасына барды. Бала...

Бишкекте 740 жаңы дарак отургузулду

Бишкекте 740 жаңы дарак отургузулду

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:00 05.04.2026
0

«Адинай» паркында Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери Октябрь райондук администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте, мэр Айбек Жунушалиевдин катышуусунда массалык дарак...

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн келин эки баласы менен кулап, эне менен бир жаштагы наристеси каза болду

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн келин эки баласы менен кулап, эне менен бир жаштагы наристеси каза болду

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:43 05.04.2026
0

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн келин эки баласы менен кулап, эне менен бир жаштагы наристеси каза болду. 27 жаштагы келин ошол...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Лейлекте жол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери өтө оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган

Лейлекте жол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери өтө оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган

17:12 06.04.2026
NASA Айдын Жерден көрүнбөгөн арткы тарабын көрсөттү

NASA Айдын Жерден көрүнбөгөн арткы тарабын көрсөттү

09:46 07.04.2026
Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты

Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты

19:11 06.04.2026
Тармактык комитет Германиядагы элчиликтин ишмердүүлүгү тууралуу маалыматын укту

Тармактык комитет Германиядагы элчиликтин ишмердүүлүгү тууралуу маалыматын укту

14:10 07.04.2026
NASA Айдын Жерден көрүнбөгөн арткы тарабын көрсөттү

NASA Айдын Жерден көрүнбөгөн арткы тарабын көрсөттү

09:46 07.04.2026
Күрөш боюнча Азия чемпионаты: экинчи күнү грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандыктар беш салмакта күч сынашат

Күрөш боюнча Азия чемпионаты: экинчи күнү грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандыктар беш салмакта күч сынашат

09:23 07.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү