Жакынкы Чыгыш аймагында болуп жаткан окуяларга тынчсыздануу менен тыкыр көз салып турабыз. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
«Биз жаңжалдашып жаткан тараптарды эл аралык укуктун негизги принциптерин жана нормаларын сактоого, анын ичинде аймактагы кырдаалдын курчушуна алып келүүчү аракеттерден алыс болууга чакырабыз. Кыргыз Республикасы согуштук аракеттерди тез арада толук токтотуу, саясий диалогду баштоо жана чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүү боюнча дүйнөлүк коомчулуктун күч-аракеттерин бириктирүүгө чакырат.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аймактагы туруксуздук менен байланышкан тобокелчиликтердин күчөшүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандарына Израиль, Иран жана Ливанга баруудан баш тартууну сунуштайт.
Ошол эле учурда, буга чейин Жакынкы Чыгыш аймагында жүргөн Кыргыз жарандарына өздөрүнүн коопсуздук чараларын күчөтүүгө, адамдар көп чогулган жерлерге барбоого жана өлкөнүн расмий органдарынын талаптарын жана сунуштарын так аткарууга чакырат», — дешти.











