Ысык-Көл облусунун Каракол шаары расмий түрдө Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарынан эстафетаны кабыл алып, 2022-жылы Шериктештиктин маданий борбору болот. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Үстүбүздөгү жылдын 18-декабрында Айни атындагы Тажик мамлекеттик академиялык театрында «Душанбе – КМШ маданий борбору-2021» жылынын жабылышы жана 2022-жылга карата Каракол шаарына эстафетаны тапшыруу аземи болуп өттү.
Иш чаранын жүрүшүндө КМШ Аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары – Аткаруу катчысы Бекетжан Жумаханов жана Душанбе шаарынын төрагасынын орун басары Амирхон Курбонзода сөз сүйлөп, Каракол шаарына эстафетасын салтанаттуу түрдө өткөрүп берди.