ТИМ кыргызстандыктарга Орусияга баруудан баш тартууну сунуштады

22-мартта Москва шаарындагы «Крокус сити холл» концерттик залында көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келген террористтик актка жана Орусиянын баардык аймактарында коопсуздук жана антитеррордук коргонуу чаралары күчөтүлгөндүгүнө байланыштуу Тышкы иштер министрлиги төмөнкүлөрдү сунуштайт:

— Орусияга барууга жүйөлүү негизи жок жарандардын кошумча коопсуздук иш чаралары жана мамлекеттик чек арадан өткөрүүдө күчөтүлгөн тартипти колдонуу режими токтотулган учурга чейин убактылуу Орусиянын аймагына кирүүдөн баш тартуусу;

— өзүнүн сапарын пландаштырып койгон жарандардын алдын ала Орусияга кирүүгө чектөө бар же жок экендигин Орусиянын ИИМнин сайтынан (mvd.ru) алдын ала текшерүүсү;

— Орусиянын аймагында буга чейин эки же андан көп жолу административдик укук бузган жарандардын мамлекеттик чек арадан өтпөй калуусун жана андан улам келип чыккан кесепеттерди болтурбоо максатында Орусиянын аймагына баруудан баш тартуусу;

— Орусиянын аймагында жүргөн жарандардын массалык элдер топтолгон жайларга баруудан баш тартуусу, жанында өздүгүн жана Орусиянын аймагында мыйзамдуу жүрүүсүн тастыктоочу документтерди алып жүрүүсү;

— Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан коомдук коопсуздукту камсыздоо иш чараларын жүргүзүү учурунда алардын мыйзамдуу талаптарын аткаруусу.

Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда жарандар Кыргыз Республикасынын Москва шаарындагы элчилигинин ыкчам номуру  +7 925 115 50 47 жана Тышкы иштер министрликтин Консулдук департаментинин ыкчам номуру +996 999 312 002 менен байланышуусу зарыл.