ТИМ: «Орусиядагы Кыргыз жарандарын согуштук аймакка чакыртканга болбойт»

Социалдык тармактарда Кыргыз Республикасынын жарандары Орусиянын аймагында аскердик кызмат өтөөгө чакырылган деген маалыматтар тарады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги үн катты.

«Бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстандын Орусиядагы дипломатиялык жана консулдук мекемелерине Кыргыз жарандарынан мындай билдирүүлөр жана кайрылуулар түшкөн эмес. Кыргыз Республикасынын «Жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» мыйзамына ылайык, Кыргыз жарандарын аскердик кызматка чакыруу бир гана Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлөт. Орусиянын аймагында жүргөн Кыргыз жарандарын орус органдары тарабынан аскердик жыйындарга, анын ичинде согуштук аймакка чакыртылганга мүмкүн эмес. Этникалык кыргыздар болгон Орусиянын жарандарын аскердик жыйындарга чакыруу Орусия Федерациясынын мыйзамдары менен жөнгө салынат», — деп айтылат маалыматта.