КММАнын медициналык борборунун директору Муктарбек Искаков кызматынан бошотулду. Бул тууралуу журналисттерге саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, анестезиолог да иштен алынган. Буга чейин министр КММАнын медициналык борбору Саламаттыкты сактоо министрлигинен аккредитациядан өтпөгөнүн билдирген. Медициналык борбордун негиздөөчүсү КММА болуп саналат.
- Бишкекте КММАнын медициналык борборунда 3 жашар кыз тиш дарылатып жатып каза болду. Октябрь РИИБден билдиришкендей, 18-декабрда кыздын чоң энеси арыз менен кайрылган. Ал небереси дарыгерлер кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыктан каза болгонун билдирген.
- Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесинин (медициналык же фармацевтика кызматкеринин кесиптик милдеттерин талаптагыдай эмес аткаруусу) негизинде кылмыш иши козголду. Экспертизанын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет.