Тиш доктурда чарчап калган 3 жашар кыз. Чоң энеси "Эмнеге тишин 140 миң сомго жасаттыңар?" дегендерге жооп берди
18-декабрь күнү Бишкекте стоматологиялык клиникада үч жашар кыз чарчап калган. Окуядан бир жума өттү. SuperTV телеканалы чырактай кызын жоготуп, кан жутуп турган үй-бүлөгө көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшүп, окуянын чоо-жайын уктук.
"13-декабрда кызыбыз тиши ооруп жатканын айтып, ыйлап чыкты. Эртең менен келиним менен баламды жибердим. Алып барса, тишинин түптөрү ириңдеп калыптыр, жулдуруш керектигин айтыптыр. Кызым тамак да иче албай калган. 143 миң 643 сом деп эсептеп, 1 саатына "Севоран" 7400 сом дептир. Түшүнбөгөндөр "эмнеге баланын тишин кымбат жасаттыңар, көпкөнсүңөр да" деп жатышат. Кеп акчада эмес, кеп балаң ооруп жатса, жаныңды берейин дейсиң да. Ушул клиникага туш келишиптир.
Келиним азыр дарынын күчү менен эле өзүн-өзү кармап жүрөт. Келиним болгону 26 жашта. Кичинекей баласы эмне болот? Атасы андан бетер нес абалда", - деди чоң энеси.