«Тиштелген жерди арак менен сүртүп койгон». Базар-Коргондо кутурма оорусунан эркек киши каза болду

Базар-Коргон районунда кутурма оорусунан эркек киши каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Үй-бүлөлүк медицина борборуна 1-сентябрь күнү 1950-жылы туулган бейтап кан басымы көтөрүлүп, уйкусуздук, башы ооруп, алсыздык, тамакка табити тартпай, деми кысылып жаткандыктан дарыгерлерге кайрылган. «Текшерүүдөн кийин адам жүрөктүн стенокардия, гипертония деген диагноз менен терапевттик бөлүмгө жаткырылган. Оорулуунун абалынын начарлашына байланыштуу консультация өткөрүлүп, алдын ала «Гидрофобия» диагнозу коюлган. Андан соң адам жугуштуу оорулар бөлүмүнө которулган. Ал кечээ эртең менен каза болду», — деп айтылат маалыматта.

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумчалагандай, уулунун айтымында, апрель айында атасы үйгө күчүк алып келип, 15 күндөн кийин анын бутун жана колунан тиштеп алган. Жараны арак менен сүртүшкөн.