Тогуз-Торо районунда чоң карышкыр атылды

Тогуз-Торо районунда чоң карышкыр атылды. Бул тууралуу аталган райондун администрациясынан маалымдашты.

Кечээ, 18-февраль күнү Казарман менен Кочкор айылынын мергенчилери узундугу 2 метр 29 сантиметрлик карышкыр атып алышты. Адилет Сейитказиев, Дүйшөн Калчаев жана Эсен Алымбаев аттуу мергенчилер карышкырды Карайлама деген аскадан атып алышкан. Мергенчилердин айтымында, карышкырдын куйругу 43 сантиметр, башынын чоңдугу тумушугунан эсептегенде 38 сантиметр.