Тойдо Ёма вайнердин «шилекейин агызган» бийчи: «Сүйүү менин жумушума тоскоол болуп калат экен»

Ушул жылдын февраль айында Ошто тойдо вайнер Эмил Токтошев менен бийлеп, көпчүлүккө белгилүү болгон бийчи кыз эсиңиздеби? Анын аты Айдай Бекенова, ал 20 жашта. “Ошол видеодон кийин мени көчөдөн таанып калышты” дейт бийчи кыз.

Айдай 12 жылдан бери бийлеп келет, учурда анын кичинекей кыздардан турган бий тобу бар. «Мен кыздарды урушпайм, бирок аларга олтуттуу караш керек. Аларга аяр мамиле кылсаң, көнүп алышат. Кээде тартипти сактоо үчүн урушуп туруш керек. Биз тойлордо кызмат кылабыз. Жигитим жок. Кудай буюрса, бир күнү болот. Сүйүү менин жумушума тоскоол болуп калат экен. Мен жетишпей калат экем. Азыр жумуш менен алектенип жатам»,- деди ал.