Олимпиада оюндарына биринчи ирет катышкан 22 жаштагы балбан Акжол Махмудов күмүш байгеси менен Кыргызстандын курама командасына Токиодогу алгачкы медалды алып келди. Бул жыйынтык менен бүгүн, 3-августта Кыргыз Республикасы жалпы тизмеде 67-орунга көтөрүлгөн.
Андан кийин балбан Мээрим Жуманазарова коло байге тагынып, Кыргызстанды 63-орунга жогорулатты.
Учурда жалпы 83 өлкөнүн спортчулары медаль тагынды. Медалдык эсепте 1-орунда Кытай, 2-орунда Америка Кошмо Штаттары, 3-орунда Япония келе жатат.