Токмокто карындашын коргоп, ок чыгарган жарандын бир тууганы ооруканадан чыкты

Токмокто карындашын коргоп, ок чыгарган жарандын бир тууганы ооруканадан чыкты. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өзү билдирди.

«Бүгүн ооруканадан чыгып жатам. Үйдөн дагы дарыланууну улантам»,- деди ал.

1-июлда карындашына зомбулук көрсөткөн адамга травматикалык тапанчадан ок чыгарып, өлтүрүп алууга шектелген жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 3-июлда анын бөгөт чарасы каралып, 2 айга камакта калтырылды.

SUPERTV каргашалуу окуяда жапа чеккен Асел Жумакуловадан маек алган.