Tommi Mall соода борбору курчоого алынды. Ал жерде эмне болуп жатат?

Социалдык тармактын колдонуучулары Бишкектеги Tommi Mall соода борбору курчоого алынганын жазып, «ал жерде эмне болуп жатат?» деген суроо салышууда.

Алардын айтымында, соода борбордун алдында өрт өчүрүүчү жана Тез жардам унаасы байкалган.

Октябрь РИИБден ал жерде окутуу жүрүп жатканын айтышты. Милициянын маалыматы боюнча, имаратта антитеррордук машыгуулар өтүп жатат. Иш-чара УКМКнын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин катышуусунда өтүүдө.