Тоңдо тургундар жаш кыздын жансыз денесин табышты. Учурда сөөк өлүкканада жатат

"Турмуш" басылмасынан алынды

Тоң районундагы Ысык-Көлдүн жээгинен адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кыз болжолдуу 20-30 жаштарда. Аны жергиликтүү тургундар тапкан. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча анын денесинде тактар байкалган эмес. Милиция кыздын жакындарын издеп жатат. Анын жансыз денеси учурда райондогу өлүкканада жатат. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган соң, өлүмүнүн себеби аныкталат.