27-октябрда Бишкек-Ош жолунда күйүүчү май ташыган унаанын катышуусунда кырсык болгон. Анда Бишкек шаарына иш сапары менен келишкен Кызыл-Кыя шаарынын ички иштер бөлүмүнүн эки кызматкери айдоочуга өрт өчүрүүгө жардам берүүгө аракет кылып, каза болгон. Эки офицердин үй-бүлөсүнө мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлөбү? Мындай суроо бүгүн, 30-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ырысбек Атажанов тарабынан айтылды.
Ал кагаз түрүндө жооп күтөрүн айтып, протоколдук тапшырма берди.
- 27-октябрда май ташуучу унаа Бишкек-Ош унаа жолунун 96-чакырымында бара жаткан учурда кулап кетип, күйүп баштаган. Иш сапары менен жолдон өтүп бара жаткан Хонда-СРВ үлгүсүндөгү унаадагы 30 жаштагы Кызыл-Кыя ШИИБдин тергөөчүсү милициянын капитаны менен 41 жаштагы Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкери милициянын майору бензовоздун айдоочусуна өрттөн куткаруу үчүн токтоп, жардам бергенде алар дагы өрттөн жабыркап, ооруканага жеткирилген. Экөө тең ооруканада көз жумган.