Төө-Ашууга түшкөн кар көчкү тазаланды, жол ачык

Төө-Ашууга түшкөн кар көчкү тазаланды, жол ачык. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен маалымдашты.

Кечээ, 11-мартта Төө-Ашуунун түштүк тарабында Бишкек-Ош жолунун 135-чакырымында 11 миң метр куб көлөмүндө түшкөн кар көчкү тазаланды. Чычкан капчыгайында да кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган болчу.