Тоодо аңчылык кылып жүрүп, дайынсыз болуп жаткан жаранды издөө иштери бүгүн, 30-ноябрда уланат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
27-ноябрда Чүйдүн Сокулук районуна караштуу Төш-Булак айылынан Кичи-Тоо тоосуна 2 эркек киши аңчылыкка чыгышкан. Ошол эле күнү бирөөсү үйүнө кайтып келген. Ал эми дагы бирөө текенин артынан кеткен бойдон азыркы учурга чейин дайыны жок болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Кечээ, 29-ноябрда издөө иштерин жүргүзүүгө саат 10:20да 5 куткаруучу, райондук ички иштер бөлүмүнөн 4 кызматкер жана туугандарынан 7 адам тартылып, караңгы киргенге чейин издөө иштери жүргүзүлгөн.












