Тоодо дайынсыз болуп жаткан аңчынын жансыз денеси табылды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден тастыкташты.
«Жансыз денеси табылды. Бирок тоодон азырынча түшүрүлө элек»,- дешти.
- 28-ноябрда милицияга Дмитрий Забуновдун жубайы кайрылып, 1971-жылы туулган жолдошу 27-ноябрда Сокулуктагы тоого кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айткан. Териштирүүнүн жүрүшүндө ал аңчылыкка 1961-жылы туулган досу менен кеткени маалым болгон. Саат 17:30 чамасында болжолдуу Кичи-Тоо аймагында текени аткан. Забунов текени алууга кеткен бойдон жок болуп кеткен. Досу кеч кирип кеткендиктен кайтууга аргасыз болгон.