Төрага Нурланбек Шакиев: «Балдарыбыз эне тилинде сүйлөбөй калат деген чоң коркунуч бар»

«Буга чейин мектептердеги сабактарды кыскартуу маселесин көтөргөм»,- деди Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 1-мартта парламенттин жыйынында.

Депутаттар Каныбек Иманалиевдин билим берүү жана илим министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселесин карап жатышкан. «Окуучулар азыр 25 предмет өтүшөт. Өнүккөн өлкөлөрдө эки эсе аз. Биз окутуу ыкмасын толугу менен өзгөртүшүбүз керек. Советтер Союзундагы билим берүүнү мактагандар бар, бирок мен аларга кошулбайм. Бул өтө татаал. Көптөгөн ачылыштарды СССРдин эмес, башка өлкөлөрдүн окумуштуулары жасаган», — деди ал.

Анын айтымында, окутуу ыкмаларын, тилдерин өзгөртүү зарыл. Мектеп окуучулары адатта орусча да, англисче да сүйлөй алышпайт. «Окууну жеңилдетүү зарыл, анткени курста кыска мөөнөттүн ичинде жакшы билимге ээ болосуң»,- деди ал.

«Көптөгөн өлкөлөрдө 3-класска чейин чет тилин окутпай, мамлекеттик тилди гана окушат. Ошондуктан 3-класска чейин чет тилдерин окутууну алып салып, мамлекеттик тилде гана окутуу керек. Балдарыбыз эне тилинде сүйлөбөй калат деген чоң коркунуч бар. Мындай практика дүйнө жүзүндө бар», — деп белгиледи ал.