Төрага Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар бүгүн ишембиликке чыкты

Бүгүн, 18-мартта төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеӊештин депутаттары жана аппараттын кызматкерлери ишембиликке чыкты. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Ишембиликтин катышуучулары борбор калаабыздагы сейил бакты иретке келтирип, суу арыктарын тазалоо менен дарактардын көчөттөрүн тигишти. Иш-чаранын алкагында Жогорку Кеӊештин төрагасы Нурланбек Шакиев экология маселеси борбор калаада курч экенин белгилеп, шаардын тазалыгына ар бир жаран кам көрүшү керектигин кошумчалады.

«Бабаларыбыз жаратылыш менен эриш-аркак жашап, жер-сууга, тоо-ташка, жан-жаныбарларга жана өсүмдүктөргө урмат менен мамиле кылган. «Бир тал кессең – он тал эк» деп, эч убакта табиятка кыянаттык кылган эмес. Андыктан, бабалардын жолун улап, жаратылышты көздүн карегиндей сактоо баарыбыздын милдетибиз», — деди Нурланбек Шакиев.

Ошондой эле кыргызстандыктарды уюштурулган ишембиликтерге жигердүү катышууга чакырган төрага: «Жазда ар бирибиз көчөт тигип, талыкпай эмгек кылалы. “Жаздын бир күнү — жылга тете» — дегендей, үзүрүн сөзсүз көрөбүз. Айрыкча, бүгүн тигилип жаткан көчөттөр, кийин түптүү бак-дарактарга айланып, алар келечек муундарга калтырган баалуу мурасыбыз болот», — деп кошумчалады.