Төрага Нурланбек Шакиев: “Дооронбек агабыз өз доорунун гана эмес, келечектин да үлгү тутар улуу инсаны”

Бүгүн, 5-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев белгилүү кинорежиссер, жазуучу, мамлекеттик жана коомдук ишмер Дооронбек Садырбаевдин эстелигин ачуу аземине катышты. Залкардын элеси түшүрүлгөн эстелик Бишкек шаарындагы Октябрь кинотеатрынын жанына орнотулду.

Салтанатта Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов баштаган жетекчилер, залкар таланттын замандаштары, туугандары жана шакирттери болду.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Нурланбек Шакиев улуу инсандын өмүр жолу көпчүлүккө үлгү экенин белгилеп: “Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” дегендей, Дооронбек ага көп кырдуу талант эле. Биз аны улуу кинорежиссер, таланттуу акын, мыкты актер жана даанышман саясатчы катары билебиз. Анткени, тарткан тасмалары, жазган чыгармалары менен катар саясий айдыңда айткан жалындуу сөздөрү менен да өзгөчөлөнүп турчу. Кара кылды как жарган калыстыгы жана чындыкты таамай айткан асылдыгы менен башкалардан айырмаланчу”, – деди.

Дооронбек Садырбаев көзү тирүү кезинде эле жалпы кыргыз элинин жүрөгүнө түбөлүк эстелик тургузуп кеткенин айткан Нурланбек Шакиев анын элеси эч качан унутулбай турганын кошумчалады. “Улуу калемгер Аалы Токомбаев “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” дегендей, залкардын жасаган иштери, сүйлөгөн сөздөрү келечекте да айтылат. Анткени, Дооронбек агабыз өз доорунун гана эмес, келечектин да үлгү тутар улуу инсаны”, – деди ал.

Кыргыз Республикасынын Баатыры Дооронбек Садырбаев 2008-жылы 69 жашында каза болгон. Быйыл ал 84 жашка толмок.