Бүгүн, 27-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев математика, физика жана информатика боюнча окуучулар арасында өткөн ХIX Эл аралык Жаутыков олимпиадасынын жеңүүчүлөрүн кабыл алды. Казакстан тарабынан уюштурулган таймашка дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнөн 1200дөн ашуун окуучу катышып, кыргызстандык 12 окуучу жеңишке жетишкен. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.
Нурланбек Шакиев алдыңкы орунду багынткан келечек ээлерин жеңиши менен куттуктап: “1200 окуучунун ичинен алдыга озуп чыгып, ийгилик жаратканыңарды укканыбызда абдан кубандык. Бул жеңиш талыкпай окуп, күнү-түнү изденгениңердин үзүрү деп билебиз. Андыктан, силердей билимдүү жаштарыбыздын бар экени өлкөбүздүн келечегинин кең экенинен кабар берет”, – деди.
Жолугушуунун алкагында жеңүүчүлөрдүн ар бирине Жогорку Кеңештин атынан заманбап планшеттерди тапшырды.
Мамлекеттик денгээлде жакшы окуган балдардарга конул болуу абдан жакшы демилге
КРЖогореу Кеңешинин төрагасы Шакиев Н.Т. Эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрүн кабыл алып, аларды куттуктап, белек катары планшет бергени туура болду. Бул окуучулар үчүн мотивация болот. Жаш жеткинчектер мындан да жакшы окууга шыктанышат. Биздин өлкөнүн келечеги- мыкты окуган, ички дүйнөсү бай, ар тараптан өнүккөн, адеп- ахлактуу жаштардын колунда!!!
Туура демилге!
Сыймыктанабыз, арабызда билимдуу жаштар бар. Таланттуу жаштарды мамлекет дайыма колдоп турса, дагы ийгиликтер мол болот. Бул сонун демилге болду.
Кыргызстандын келечеги жаштардын колунда! Кыргызстандын желегин дүйнөгө тааныткан жаштардан бололу🇰🇬❤️
Окучуулардын Кыргызстанды дүйнөгө таанытуулары кубандырбай койбойт. Нурланбек Тургунбековичтин окуучулардын ийгиликтерин тең бөлүшүшү, бул жаштарды ар тараптуу колдоо, мамлекетибиздин келечек муун үчүн жасаган аракеттеринин бири деп билсек болот.
Туура!!!👍🏽👍🏽Колдойбуз
🇰🇬🇰🇬🔥 классно