Төрага Нурланбек Шакиевдин тапшырмасы менен «Парламент» радиосу кайрадан обо толкунунда

Төрага Нурланбек Шакиевдин тапшырмасына ылайык, Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн чагылдырган «Парламент» радиосун угармандар 1-ноябрдан тартып кайрадан уга алышат. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Буга чейин 18-октябрда Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн коомчулукка так жана туура жеткирүү учур талабы экенин айтып: «Аппараттын Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүн күчтөндүрүп, “Парламент” радиосунун ишин кайрадан жандантышыбыз керек. Маалыматтар бурмаланбай, өз убагында элге так жана даана жетип турса, парламенттин ишмердигине ачык жана туура баа берилишине өбөлгө түзүлөт”, – деген.