Royal
SerepTV Logo

"Төрөп алайын, башка аялга кетпей турчу" деп жалдырадым" дейт 4 баланын жалгыз бой апасы

"Төрөп алайын, башка аялга кетпей турчу" деп жалдырадым" дейт 4 баланын жалгыз бой апасы
Үмүт Абдылдаева – 4 баланын апасы. Жалгыз бой эне. Ным тарткан үйдө балдары менен өп-чап турмушту көрүп жаткан ал башынан оор тагдырды өткөрүп жатканын билдирди. Ал өз сөзүндө күйөөдөн жолу болбогонун, бири башканы тандап кетсе, экинчиси кызыл камчы чыкканын айтат. "Биринчи жолдошумдан 3 балам бар. Жашообуз эл катары жакшы эле болчу. Ортобузда түшүнбөстүк болуп, жолдошум башка адамды тандап кеткен. Экөөбүз 13 жылдан ашык жашадык. Ал кол көтөрчү эмес, балам боюмда барда башка аял менен жашай турганын айтты. "Төрөп алайын, башка аялга кетпей турчу" деп сурандым. Болбой тандап кетти. Мен каршылык көрсөткөн жокмун. 3 балам менен жалгыз калып калдым. Үчөө тең эркек бала. Иштеп, балдарымды багып жүрдүм. Атасы расмий түрдө балдарынан баш тартты.  Кыйналып жүргөн учурда 4-баламдын атасы менен таанышып калдым. Намаз окуганынан жакшы адам, балдарыма камкор болот деп ойлоп, турмушка чыктым. Чогуу жашай баштаганда кол көтөрө баштады", - дейт ал.